super.kg logo

"Өтө көп". Туткунга түшүп калган украин жоокери Украинанын оор жоготуулары тууралуу айтты

 

Орусия менен кагылышта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары өтө олуттуу. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө туткунга түшүп калган украиналык аскер кызматкери Орусиянын "Известия" басылмасына айтып берди.

Маалыматка ылайык, туткунга түшүп калган аскер кызматкери расмий Киев таратып жаткан маалыматтан дагы Украинанын жоготуулары көп экенин билдирген.

"Кечээ бизге кол салуу болду, биз багынып бердик. Бизге алгач эки күн, анан үч күн чыдагыла дешти. Мына ушуну менен бизге карманууга кеңеш берди, акыры ушундай болду”, - деген ал.

Колго түшкөн украин аскеринин айтымында, украин бийликтери украин аскерлеринин арасында жоготуулар аз деп айтууда, бирок бул чындыкка дал келбейт.

"Мен билем, бизде алар өтө көп", - деп баса белгилеген ал.

Эске салсак, Украинадагы кырдаалдан улам кечээ, 21-мартта туткундарды биринчи алмаштыруу болгон. Анда орусиялык тогуз аскер Мелитополь шаарынын мэрине алмаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: