Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын 230 учкучсуз учагын жок кылганы айтылды
Украинада атайын операция башталгандан бери Украинанын 230 аскердик учкучсуз учуучу аппараты, 1500дөн ашык танк жана башка аскердик техникалары жок кылынды. Мындай билдирүүсүн Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков брифингде билдиргенин орус басылмалары жазып чыгышты."Атайын аскердик операция башталгандан бери Украинада бардыгы болуп төмөндөгүлөр жок кылынды: 230 учкучсуз учуучу аппарат, 181 зениттик-ракеталык комплекстер, 1528 танк жана башка брондолгон согуштук унаалар, 154дөн көп ракета учуруучу унаалар, 602 талаа артиллериялык мылтыктары жана миномёттору, ошондой эле 1312 атайын аскердик техника", - деп билдирген Игорь Конашенков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















