Бишкекте таксисттин унаасын уурдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды



Бишкек шаарында таксисттин унаасын уурдай качкан кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта К.А. аттуу таксист унаасын уурдай качкан кызга чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Ал 16-мартта таңга маал Mitsubishi Carisma унаасы менен такси кызматында иштеп жатып кезектеги кардарга барганын, аны жеткирип бара жатып жолдон дүкөнгө киргенин, ошол учурда кардары унаасын айдап качып кеткенин билдирген.
Бул иш боюнча иликтөө башталып, унааны уурдай качкан Э.С. аттуу 2003-жылы туулган кыз кармалган. Көп узабай ал жол кырсыгына кабылып, таштап кеткен унаа да табылган.
Тергөө иштери башталып, кармалган кыз 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.