super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Биналы Йылдырымды кабыл алды

 

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Биналы Йылдырымды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бүгүн, 22-мартта Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу улуттук жыйынынын депутаты Биналы Йылдырымды кабыл алды.

Жолугушуу башында мамлекет башчысы мейманды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүн оң баалап, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кыргыз тараптын даярдыгын ырастады. Тактап айтканда, ал Бинали Йылдырымды Кыргызстандын Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу демилгесин колдоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты менен соода-экономикалык, транспорт-логистика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш катары бир тууган эки элдин кызыкчылыгында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде ТМУ Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым мамлекет башчысына жылуу кабыл алуусу жана анын учурдагы ишине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бинали Йылдырым президентке ТМУнун Аксакалдар кеңешинин негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын кийинки жыйынын ушул жылдын июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Ошону менен бирге ал ТМУнун Аксакалдар кеңеши уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын өткөн жылдагы Саммитинин чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүн, анын ичинде Түрк инвестициялык фондун эртерээк түзүү маселеси да бар экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал президент Садыр Жапаровго Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жана жакшы каалоолорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: