super.kg logo
  Саясат  

Депутат кыргызстандыктарды Путинди жана орус бийлигин сындабоого чакырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жакын арада Орусияга барууну көздөгөн кыргызстандыктарды орус бийлигин сындабоого чакырды. Мындай билдирүүнү ал Телеграмдагы каналына калтырган.

“Жакынкы айларда же жыл ичинде Орусияга барууну же Орусия аркылуу өтүүнү көздөп жатсаңыз орус бийлигин, Путинди же Орусиянын элчилигин сындабоого чакырам. Анткени Госдума Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн иши тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазага тартуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Орус депутаттары “сындасаңар болот, анткени элчилик начар иштеп жатат” дешүүдө. Бирок ага карабай кандайдыр бир маселелерден оолак болуу үчүн бул кырдаал боюнча жазбоону сунуштайм”, - деген депутат.

Мындай чакырыгын ал Кыргызстандын географиялык абалынан улам Орусияга муктаждыгы менен түшүндүргөн.

“Мүмкүн азыр Орусия аркылуу Европага же башка жакка каттамдар болбошу мүмкүн, бирок ошентсе да кандайдыр бир нерселерди айтуудан карманууга чакырам. Эмне болсо да биз, кыргызстандыктар этият болгонубуз жакшы”, - деген Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: