super.kg logo

Ысык-Көлдүн тургуну баңгизатын ташып бара жаткан жеринен кармалды

 

Ысык-Көлдө баңгизатын ташып бара жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районунун айылдарынын биринин тургуну, баңгизаттарын сатуу максатында үйүндө сактап жүргөнү маалым болгон. Аталган маалымат облустук милицияга катталып кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектүү катары Түп районунун Тасма айылынын 38 жаштагы тургуну Н.Б. кармалды.

"Шектүү жаран баңги заттарын унаа менен ташып бара жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Текшерүү учурунда, анын жанынан 21 даана ширеңкенин кутучасына салынган, салмагы 285 граммды түзгөн зат табылып алынды. Соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айыбы угузулду. Каракол шаардык сотунун чечими менен айыпталуучу жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: