super.kg logo

Орусиядан чыгып кеткен Иван Ургант "Вечерний Ургант" берүүсү кайрадан эфирге чыгарын айтты

 

Орусиянын "Биринчи каналында" бир айдан бери көрсөтүлбөй жаткан "Вечерний Ургант" берүүсү кайрадан эфирге чыгат. Бул тууралуу көрсөтүүнүн алып баруучусу Иван Ургант орусиялык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатканда билдирди.

"Ушактарга ишенбегиле. Мен да күтүп жатам", - деген ал.

Айрым маалыматтарга ылайык, "Вечерний Ургант" программасынын ордуна куудул Гарик Харламов жаңы көрсөтүүнү алып чыгат деген кептер тараган.

Эске салсак, Иван Ургант Орусиянын Украинадагы аскердик операцияларына карата пикирин билдиргенден кийин "Вечерний Ургант" шоусу "Биринчи каналда" көрсөтүлбөйт деген талкуу башталган. Мындан улам телеалпаруучу үй-бүлөсү менен Израилге чыгып кеткен.

Кийинчерээк ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жөн гана эс алууга кеткенин кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: