super.kg logo

РИА Новости: "Украинанын аскерлери Мариуполдон аялдардын кийимин кийип чыгып кетүүгө аракет кылууда"

 

Украинанын аскерлери орус аскерлери курчоого алган Мариуполь шаарынан аялдардын кийимин кийип, карапайым калк менен кошулуп чыгып кетүүгө аракет кылышууда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасына Донецктин Куралдуу күчтөрүнүн командири Олег Кокарев билдирген.

"Алар шаардан чыгып кетиш үчүн биз тарапка келип, карапайым адам кейпин кийүүгө аракет кылып жатышат. Аскерлер көбүнчө аялдардын кийимин кийип жатышат", - деген Кокарев.

Анын айтымында, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери тон, көйнөк жана аялдардын бут кийими менен кармалган.

"Кармалган аскер кызматкерлери суракка алынып, тиешелүү органдарга жөнөтүлүүдө", - деп белгилеген Кокарев.

Учурда шаарда абал курч. Орус аскерлери Мариуполь шаарынын 50 пайыздан ашык аймагына ээлик кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: