super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайбергеновду алдыдагы эл каттоого байланыштуу кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселелери талкууланган.

Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистикалык комитет 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жана республиканын айрым аймактарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого толук даяр экендигин билдирген.

"Азыркы учурда 28 миңге жакын убактылуу каттоо кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана каттоочулар) кабыл алынып, аларды окутуу семинарлары өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууга байланышкан бардык каржы маселелери чечилди.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы кошумчалагандай, калкты каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт.

Зарыл болгон эпидемиологиялык ченемдерди сактоо максатында Улуттук статистика комитети тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган пандемия учурунда калкты каттоонун алгоритми иштелип чыкты, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары: бет каптар, коргоочу калкандар, бактерияга каршы каражаттар жана контактсыз термометрлер сатылып алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

Мамлекет башчысы алдыдагы өнөктүк тууралуу калкка натыйжалуу маалымат берүү үчүн кеңири маалымдоо иш-чараларын күчөтүүнү тапшырган.

Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго жана бул ишке тартылган бардык жетекчилерге эл каттоонун жүрүшүн бир саамга да көз жаздымында калтырбоону, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткарууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: