super.kg logo
  Саясат  

Эл аралык атайын багыттагы кызматтардын ортосундагы мелдеште УКМКнын өкүлдөрү алдынкы ондукка кирди

 

Эл аралык атайын багыттагы кызматтардын ортосундагы мелдеште УКМКнын өкүлдөрү алдынкы ондукка кирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын 9-кызматынын атайын багыттагы жоокерлери катышкан Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2022 эл аралык мелдеште Кыргыз Республикасынын курама командасы финалдык 8-орунду ээледи. Мелдешке үй ээлеринен тышкары АКШ, Орусия, Франция, Бразилия, Таиланд, Пакистан, Сербия, Сауд Арабия Королдугу, Армения, Нигерия, Шри-Ланка жана башка мамлекеттердин атайын багыттагы командалары катышып, жалпысынан 22 өлкөдөн күчтүү 34 команда катышты.

Дубай полициясы уюштурган иш-чарада жеңүүчүлөр тактикалык машыгуулар, чабуулдар, куткаруу иштери жана тоскоолдуктардан өтүү боюнча болду. Мелдеште жоокерлер шарттуу жарадар болгон жолдошторду эвакуациялоо боюнча командалык тапшырмага да зор маани берилип, бардык сыноолор кемчиликсиз гана эмес, мүмкүн болушунча убакытка байланыштуу тезирээк өтүшү керектиги каралган.
Адистердин айтымында, мындай эл аралык мелдештер атайын даярдыктагы аскерлер үчүн зарыл жана пайдалуу болмокчу. Анын ичинде атайын күчтөр тажрыйба алмашууга, коопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмаларын изилдөөгө шарт түзүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: