Сот активист Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды
Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековго байланыштуу ишти карап өкүм чыгарды.
Анда Аспековду күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты.
Ошондой эле 3 жабырлануучуга 23 миллион сомдон ашуун акча өндүрүп берүүнү өкүм кылган.
Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жакын тарапташтарынын бири болгон. 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.
Аспеков ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.