Ош. Бүгүн шаардын айрым көчөлөрүндө жана айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө жана айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу шаардын Төлөйкөн, Ленин, Курманжан датка көчөлөрүнө жана Керме-Тоо, Кызыл-Байрак айылдарына убактылуу электр жарыгы берилбейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

