Украина прокуратурасы орусиялык журналисттерге кылмыш ишин козгоду
Украинанын прокуратурасы орусиялык журналисттерге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинада орусиялык мамлекеттик телеканалдардын алып баруучулары Ольга Скабеева менен Дмитрий Киселевге кылмыш иши козголду. Алар “алдын ала кутумга баруу менен топ кишилерди Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга” айыпталууда.
Ошондой эле Скабеева менен Киселев Орусиянын аскердик кылмыштарын ырааттуу түрдө актап келген деп шектелип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.