super.kg logo

"Эми доллар менен евронун мааниси жок". Владимир Путин мындан ары Европага газ жеткирүү рубль менен жүргүзүлөрүн айтты

 

Орусия дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн төлөмдөрдү рублга которот. Мындай маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын орусиялык товарларды Евробиримдикке жана АКШга доллар жана евро менен жеткирүүнүн мындан ары мааниси жок экенин баса белгилеген.

"Ошондуктан мен мүмкүн болушунча тез арада төлөмдөрдү которуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырууну чечтим. Ушундан баштайлы, биздин жаратылыш газыбыз үчүн төлөмдөрдү дос эмес делген өлкөлөргө орус рублунда сатуу", - деген Путин.

Ошол эле маалда орус лидери жеткирүүлөр келишимдерде каралган көлөмгө жана баага ылайык улана турганын белгилеген.

Украинадагы кырдаалдан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө. Буга байланыштуу Орусия АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: