АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт каза болду

Маалыматка ылайык, Америкалык саясаттын ардагери, тарыхта АКШнын тышкы саясат департаментин жетектеген биринчи аял Мадлен Олбрайт 85 жашында рак оорусунан каза болду.
Ал 1937-жылы Чехословакияда дипломаттын үй-бүлөсүндө туулган. Мадлен Олбрайт 11 жашында ата-энеси менен АКШга барып, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан көп өтпөй, 1957-жылы Американын жарандыгын алган.
Мадлен Олбрайт алгач Ак Үйдө Жимми Картердин администрациясында иштей баштаган. Кийинчерээк президенттикке жана вице-президенттикке бир катар талапкерлердин тышкы саясат боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген.
Олбрайт 1993-жылы Билл Клинтондун инаугурациясынан көп өтпөй АКШнын БУУдагы өкүлү катары биринчи дипломатиялык кызматка ээ болгон. 1997-жылы Олбрайт АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматына дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.