Орусиянын коргоо министринин эл алдына чыкпай калышы: Кремль буга реакция жасады
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун азырынча эл алдына чыкканга убактысы жок. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирген.
"Коргоо министринин азыр өзүңөр түшүнгөндөй иши, кооптонуусу көп. Атайын аскердик операция жүрүп жатат. Албетте, азыр медиа ишмердүүлүгүнүн так убактысы эмес. Бул абдан түшүнүктүү", - деген Песков.
Ал эми анын жүрөгү ооруп жатат деген кептерге Дмитрий Песков бул маалыматты тараткан басылмаларды угуунун кажети жок экенин баса белгилеген.
Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 11-марттан тарта коомчулукка жана маалымат каражаттарына чыга электиги кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.