super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту

 

Эдил Байсалов Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Франция Республикасынын Улуттук жыйынынын депутаты жана ЕКПА Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин баяндамачысы Жак Мэр башында турган Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ЕКПА делегациясы менен ЕКПА – Кыргыз Республикасы демократия үчүн өнөктөштүгү алкагында демократия, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана парламентаризм жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов ошондой эле ЕКПА делегациясына өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Жак Мэр демократия үчүн өнөктөштүктү толук кандуу ишке ашыруу максатында ЕКПА Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр экенин ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: