super.kg logo

Зеленськийдин үмүтсүздүгү жана НАТОнун тамашасы: Брюсселде Украинага арналган саммит кандай өттү? (фото)

 

Кечээ, 24-март күнү кечинде Бельгиянын борбору Брюссель шаарында НАТОнун Украинадагы кырдаалга арналган саммити өттү.

Саммитте тартылган кадрлар көпчүлүккө кызыктай көрүндү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жөнөкөй дипломатиялык жылмаюуларга окшобогон тамашаны көрсөтүшкөндөй элес калтырышты. Анда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон бири-бирине тамаша айтып жаткандай элес калтырышты.

Украинанын президенти Володимир Зеленський саммиттин катышуучулары менен видеобайланыш аркылуу байланышты. Анда Зеленський Украинанын азыр НАТОго жолу жок экенин дагы бир жолу моюнга алууга аргасыз болду. Ал жок дегенде, НАТОну Украинага жаңы куралдарды жөнөтүүгө чакырды, бирок анысына дагы так жооп ала алган жок.

Мисалы, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Улуу Британия бул маселени карашы мүмкүн экенин айтты. Ошол эле учурда маселе чечилсе куралдарды Украинага жеткирүү кыйынчылыктары бар.

Володимир Зеленський Украина НАТОго кире албастыгын айтып, уюмдан курал сурады.
Борис Жонсон жана Эммануэль Макрон саммитте.

Солдон оңго: НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, АКШ президенти Жо Байден, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Франциянын президенти Эммануэль Макрон.
АКШ президенти Жо Байден.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Жо Байден.
Япониянын премьер-министри Кисида, АКШнын президенти Байден, НАТОнун баш катчысы Столтенберг, Еврокомиссиянын төрагасы Фон дер Лейен, Канаданын премьер-министри Трюдо жана Германиянын канцлери Шольц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: