Жогорку Кеңеште “Мыйзам чыгаруу ишин талдоо жана анын келечеги” деген темада илимий-практикалык конференция өтүп жатат
Бүгүн,
26-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган “Мыйзам
чыгаруу ишин талдоо жана анын келечеги” деген темада илимий-практикалык
конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
кабарлайт.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка
караганда, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар,
экс-спикерлер, өкмөт мүчөлөрү, парламентаризм боюнча эксперттер, жарандык коом
жана дипломаттар катышып, кыргыз парламентинин таржымалы, парламентаризмдин
табияты, Кыргызстанда парламенттик демократия салттарын калыптандыруу жолундагы
Жогорку Кеңештин ээлеген орду, мыйзам чыгаруу иш усулунун өзгөчөлүгү жаатында
баяндамалар болот.
Кошумчалай
кетсек, бул конференция Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин демилгеси менен уюштурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

