super.kg logo

УКМК: "Манас" эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды"

 

"Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жүргүзүлүп жатат.

"Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылмыш аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З. үй камагына чыгарылды.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: