super.kg logo
  Саясат  

Бул аптада депутаттар шайлоочулар менен иш алып барышты. Кайсы эл өкүлү кайда барды?

 

22-26-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен иш алып барышты. Парламенттин сайтында кайсы депутат кайда барганы боюнча маалыматтар чыкты.

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Түп районунун өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер менен жолугушту.

Депутат Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барып, аймактагы социалдык көйгөйлөр боюнча маалымат алды.

Депутат Нурланбек Шакиев 16-18-мартта Аксы районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Депутат Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, аймактагы медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районуна иш сапары менен барып, Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту.

Депутат Айбек Маткеримов иш-сапарын Жалал-Абад облусунун тургундары менен иш алып барды.

Депутат Айсара Абдибаева Аксы районуна иш сапары менен барып, Кош-Дөбө айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту.

Депутат Марат Мураталиев Манас районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: