super.kg logo

“Коммерциялык банк Кыргызстандын” Россиядагы биринчи өкүлчүлүгү ачылды

 

2022-жылдын 28-февралында Россия Федерациясынын Борбордук банкынын өкүлдөрү «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКнын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн аккредитациялык күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырды. Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН ата мекендик банктардын ичинен биринчи болуп Россияда өкүлчүлүгүн ачты.
Аккредитациялык документти тапшыруу аземинде тараптар бул иш-чара дүйнөлүк кызматташтыкка карай чоң кадам экенин белгилешти.
“Коммерциялык банк Кыргызстандын” кызматтары Кыргызстанда гана эмес, республиканын чегинен тышкары да суроо-талапка ээ. Сапат жана ишенимге басым жасоо менен “Бүткүл өлкөнүн банкы” макамын сактап калуу ар дайым башкы орунда болуп келген. Ошол эле учурда банк өзүнүн банктык операцияларына санариптик кызматтарды активдүү киргизүүнү улантууда.
Россиянын рыногунда банктын өкүлчүлүгүнүн болушу банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кыйла эффективдүүлүгүн артыруучу маанилүү фактор болуп саналат. Москвадагы өкүлчүлүк Кыргызстандын бардык жарандарына, ишкерлерге, Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик компанияларга консультациялык кызматтарды толук көрсөтөт. Өкүлчүлүк эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн россиялык компаниялар жана финансылык-кредиттик уюмдар менен ишкердик байланыштарды түзүүгө даяр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: