super.kg logo

Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасында баалар көтөрүлдүбү? Элчиликтин жообу

 

23-мартта Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасында өткөрүлгөн маалымат жыйындан кийин кээ бир ЖМКларда чыккан маалыматтарда ооруканада баалардын көтөрүлгөндүгү тууралуу айтылган. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги бул маалымат тарагандан кийин төмөнкүчө билдирүү жасады.

"Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасында баалар көтөрүлгөн жок. Тескерисинче, жалпы хирургиялык операциялардын баалары төмөндөтүлдү. Ошондой эле оорукана иштей баштагандан бери медициналык кызматтардын баасында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин ооруканада 34 ачык жүрөк операциясы, 273 бейтапка жүрөк тамырларынын коронарографиясы жасалып, 287 бейтапка стент коюлган.Операциялардын баасы жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарды дарылоого багытталган Кыргызстандагы башка мамлекеттик жана менчик клиникаларга караганда кыйла арзан", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда ооруканада Түркиядан 64, Кыргызстандан 58 медицина кызматкеринен турган, жалпысынан 122 киши кызмат көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: