super.kg logo

БУУнун Башкы ассамблеясы Украинадагы согушту тез арада токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алды

 

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Украинанын жай тургундарын жана жарандык инфраструктурасын коргоо, ошондой эле бул өлкөдөгү согушту тез арада токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, БУУнун Башкы ассамблеясы 24-мартта кабыл алган бул документ сунуш берүү мүнөзүнө ээ. Ал милдеттүү түрдө аткарылышы керек деген юридикалык күчкө ээ эмес.

Резолюцияны уюмга мүчө 193 өлкөнүн 140ы колдосо, Сирия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея жана Орусия каршы добуш беришти. Дагы 38 өлкө калыс позицияда экенин билдиришти.

Резолюцияда Орусиянын Украинадагы душмандык аракеттерин, анын ичинде жергиликтүү тургундарга каршы чабуулдарды тез арада токтотуу талабы, ошондой эле "үрөй учурган" гуманитардык абалды түзгөнү үчүн Орусияны айыптаган сын-пикирлер жазылган. Документте мындан тышкары жөнөкөй тургундарды, медиктерди, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин жана журналисттерди коргоо зарылдыгы да белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: