2013-жылдын 10 айында жашы жете элек 766 бала издөөгө алынган
2013-жылдын 10 айында жашы жете элек 766 бала изделсе, алардын ичинен 729уна карата издөө токтотулган. Учурда 37 бала изделүүдө. Алардын ичинен 11и кыз, 26сы эркек бала. Мындай маалыматты бүгүн, 26-ноябрда жоголгон балдарды издөөнүн натыйжалуу системасын түзүүнү талкуулоо боюнча өкмөттүн жыйынында ИИМдин маалымат-аналитикалык борбору билдирди.
Ошондой эле ИИМдин маалыматы боюнча Бишкекте 2, Чүй облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 6, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 6 жана Жалал-Абад облусунда 8 бала дайынсыз жоголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















