super.kg logo

Улуттук банк рубль жүгүртүүгө чыгарылды деген билдирүүлөрдү четке какты

 
Интернет желесине Кыргызстандын аймагында рубль жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу билдирүүлөр тарады. Улуттук банк мындай маалыматты четке кагып, түшүндүрмө берди.
Улуттук валюта – сом өлкөнүн бүтүндөй аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр сом менен жүргүзүлөт. Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Өлкөнүн аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасына жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Өлкө аймагында накталай жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу (алмашуу) операциялары Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктар жана башка банк эмес финансы-кредит мекемелери тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
17-мартта Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп, анда өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү каралган", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: