Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы көйгөйлөрдү тез арада чечүү максатында ай сайын сүйлөшмөй болду
Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү жүк ташуучу унаалардын чек арада топтолушуна жол бербөө туурасында сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министри Бахыт Султанов менен видео конференция аркылуу сүйлөштү.
"Тараптар кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жол бербөө боюнча макулдашты. Ошондой эле эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга бөгөт коюу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү чечишти. Эгер жүк ташуучуларда электрондук эсеп-фактурасы жок болсо, унаалары Кыргызстанга кайтарылып берилет деген чечим кабыл алынды.
Андан тышкары жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүүнү макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

