super.kg logo

600 миң сомдой зыян келтиришкен. Чүйдө турак үйгө уурулукка киргендер кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда уурулукка шектелип 2 киши кармалды. Алар жабырлануучуга 600 миң сомдой зыян келтиришти дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, 15-мартта 45 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар үйүнөн күмүш буюмдарын, ноутбугун жана 15 даана кол саатын, андан тышкары 500 долларын уурдап кетишкенин билдирген. Анын кесепетинен арыз ээсине 590 миң сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган З.В. жана 1988-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Шектүүлөрдүн биринин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп ноутбук, күмүш буюмдар жана 5 даана кол саат табылды. Териштирүү иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: