super.kg logo
  Саясат  

Кытайдын 60 юридикалык мекемесине Кыргызстанга ишке орноштуруу үчүн жарандарын жиберүүгө тыюу салынды

 

Бишкекте бүгүн, 26-ноябрдагы Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы Доскул Бекмурзаев "Кытайдын 60 юридикалык мекемесине Кыргызстанга ишке орноштуруу үчүн жарандарын жиберүүгө тыюу салынды" деп билдирди. Анын айтымында, кытайлыктар көбүнчө Кыргызстандагы базарларда иштешет. "Дордой" базарында эле 1 миңге жакын Кытай жараны эмгектенет.

“Базарлардан сырткары Кыргызстандагы жолдорду куруу тармагында, Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдо иштегендер бар. Биринчи жолу Кытайдын 60 юридикалык жактарына Кыргызстанга ишке орноштуруу үчүн жарандарын жиберүүгө тыюу салынды.  Ошондой эле тыюу салуу Пакистандын жарандарына карата да колдонулат”,- деди Бекмурзаев өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: