Сүйүү кайда болбосун жашай берет. Украин элинин ый менен сүйүү жуурулушкан сүрөттөрү бир шилтемеде
"Сүйүү - эл тандабайт, жер тандабайт. Сүйүүнүн көзү көр. Чыныгы сүйүү - байлыкка да, жашка да карабайт". Учурда Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик кагылыш бүткүл адамзаттын тынчын алып, уйкусун бузуп турган чагы. Ошондой оор күндөрдө адамзат чыйралат. Украинанын президенти Володимир Зеленський өзүнүн Телеграм баракчасына украин элинин ый менен сүйүү жуурулушкан, камкордук камтылган сүрөттөрүн жүктөдү. Сүйүү демекчи, сүйүүнүн түрү болот. Ал кыз менен жигиттин ортосундагы ысык махабат менен чектелбейт. Ал мекенге, балага же эне-атага болгон, бир тууганга, элге болгон сүйүү болушу мүмкүн. Анда сүрөттөр сүйлөсүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.