super.kg logo

Украинадагы кагылышта каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди

 

Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары тарабынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-мартта Украинадагы кагылышта каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди. Коштошуу зыйнатына маркумдун жакындары катышты. Рустам Зарифулинге ыйгарылган Орусия Федерациясынын "Эрдик" медалы маркумдун атасына тапшырышты.

Рустам Зарифулин 1996-жылы туулган. Ал 26-март күнү 26 жашка чыкмак. Маркум Харьков облусундагы Изюм шаары үчүн болгон салгылашта курман болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгон.

24-мартта Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Маркумдун сөөгү Канттагы авиабазадан Кара-Ой айылына жеткирилип, аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: