Баткенде милициянын подполковниги 47 жаш курагында дүйнө салды
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашат.Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Ош облусунун Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген. Аскарали Мухамадиев президенттин, министрликтин сыйлыктары менен сыйланган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Аскарали Мухамадиев бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















