super.kg logo

Президенттин карындашы, "Кыргызстан сулуусу" Лазат Нуркожоева жол эрежесин бузуп, айыпка жыгылды

 

Президент Садыр Жапаровдун карындашы, "Кыргызстан сулуусу-2020" наамынын ээси Лазат Нуркожоева жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу тарабынан белгилүү болду. Лазат Нуркожоева унаасын туура эмес токтотуп жүргөн.

"Унаасын туура эмес токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга кайгуул кызматкерлери тарабынан тийиштүү протокол толтурулуп, 1000 сом айып салынды.

Ошол эле учурда айдоочу өзүнүн маданияттуулугун көрсөтүп, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", - дейт маалымат катчы.

Ал эми Лазат айым социалдык тармактагы баракчасына "Мыйзам алдында баарыбыз бирбиз. Унааңарды эрежеге ылайык токтотуп жүргүлө" деп билдирүү калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: