super.kg logo

Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рокту чаап жиберди (видео)

 

Белгилүү актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рокту жубайы жөнүндө тамаша кылганы үчүн чаап жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, Рок "Мыкты даректүү тасма" номинациясына талапкерлерди жарыялаган. Анда ал Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт Смиттин кыска чачы жөнүндө тамашалаган. Тамашадан кийин Смит ордунан туруп келип, Крис Рокту бетке чапкан. Рок түшүнбөгөндөй, таң калган абалда туруп калган.

Уилл Смиттин жубайы акыркы жылдары чачтын түшүшүнө алып келген алопеция дарты менен жабыркап жүргөнү белгилүү болду.






Уилл Смит Крис Рокту чаап жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: