super.kg logo

Соңку жумада Кыргызстанда 336 айдоочу мас абалда кармалды

 

Соңку жумада Кыргызстанда 336 айдоочу мас абалда кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкөдөгү жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу максатында атайын рейддер өткөрүлүүдө. Анын алкагында өткөн жумада жалпысынан 18 миң 609 жол эрежесин бузуу аныкталган.

Анын ичинде:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2815;
- тиешелүү документтери жок унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 232;
- унаа каражатын жараксыз айдоочулук күбөлүк менен башкаруу – 1;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6714;
- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 14;
- авто ээн баштык – 2;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 641;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 88;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 7200;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 34;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 336.

Жалпы 909 унаа айып аянтчасына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: