super.kg logo

Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун мүчөлөрү Ысык-Көлдөгү жергиликтүү кеңештин айым депутаттары менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунда болуп, аймактык бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары жана активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда таза суу маселеси, жумуш орундарынын тартыштыгы, пенсия жана айлык акынын төмөндүгү, бала бакча, мектептердин жетишпегендиги сыяктуу социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Айым депутаттар форумунун төрайымы Гүлшаркан Култаева аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук маанидеги мыйзамдарды кабыл алуу боюнча биргеликте аракеттерди көрүүгө чакырды.

Жогорку Кеңештин айым депутаттары айтылган сунуш-пикирлердин алкагында парламентте маселе көтөрүшөөрүн белгилеп, көйгөйлөрдүн чечилишин өз көзөмөлдөрүнө алышаарын кошумчалашты.

Жыйындын жүрүшүндө айрым жергиликтүү айымдарга жигердүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү үчүн Ыраазычылык каттар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: