super.kg logo

УКМК: "Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды"

 

Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта УКМК Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде белгиленген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н. кармалды. "Ал Л.Р. аттуу жарандын ага болгон карызы үчүн У.С. аттуу жарандын 35 миң доллардан ашык болгон жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз колдонуудан чыгарып алып, 30 миң доллар берүүсүн же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында У.С. аттуу жарандын жеке үйүнүн кайра каттоодон Т.Н. жакын тууганына өткөндүгү тууралуу документалдуу далилдер алынган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган Т.Н. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: