29-мартта Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчөт
Эртең, 29-мартта Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- 09:00дөн 17:00гө чейин 6-кичи району №5 үй; Каракуль көчөсү менен Медеров, Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши; Арча-Бешик конушу (Ак-Түз, Ак-Марал, Садыбакасов көч-ү), Айтматов кең көч, Айни көч:;
- 9:30дан 18:00гө чейин Великолукск 8-Март, Семипалатинск көчөлөрүнүн кесилиши, Элебесов, Свободной, Джакыпов, Арычной, Грозненск туюк көчөсү;
- 9:00дөн 18:00гө чейин Панфилов, Чуйков, Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишкен жери;
- 9:30дан 17:00гө чейин Карасаев Тунгусский көчөлөрүнүн кесилиши;
- 9:30дан 14:00гө чейин Ак-Тилек конушу (Коллектив, Коллекторный туюк көчөсү)
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.