super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри жарандарды коопсуз аймакка көчүрүү механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

 

Бүгүн, 28-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кезектеги аппараттык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кеңешмеге ӨКМнын борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ӨКМ министри Бообек Ажикеев тиешелүү башкармалыктын башчыларына сел, жер көчкү жүрүүнүн, суу ташкындарынын жана өрт коопсуздугун алдын алуу, кооптуу аймакта жашап жаткан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү талабын койду. Ошондой эле катышуучуларга адам өмүрү эч нерсеге алмашкыс экенин дагы бир жолу эскертти.

"Өлкөдөгү ар бир жарандын өмүрүн сактоодо, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өз убагында чара көрүүгө тиешелүү тармак ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусу керек. Өзгөчө кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүүдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү калк менен тыгыз иш алып барсын", – деди министр Бообек Ажикеев.

Ошондой эле министр өлкө аймагында табигый кырсыктарды, тагыраагы сел, жер көчкүлөрдү жана суу ташкындарын алдын алуу боюнча атайын иш-пландардын түзүлүүсүнө, өз убагында коргоо жумуштарынын аткарылуусуна токтолду.

Акыркы күндөрдөгү өзгөрүлмөлүү туруксуз аба ырайына жана алдыда күтүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу тиешелүү кызматтар менен тыгыз иш алып барып, күчөтүлгөн режимде даяр болуу зарыл. Учурда жалпы кооптуу аймактарда 4066 жаран, 3010 үй бар. Коопсуз аймактарга 403 кожолук көчүрүлдү. Жарандарыбыздын өмүрүн жана мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынуусу керек”, - деди министр.

Ал ошондой эле коопсуз аймакка көчүрүү механизмдерин иштеп чыгууну Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына тапшырды. Буга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: