super.kg logo

Соттордун жана судьялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланды

 

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарында соттордун жана судьялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Кеңешмеде президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн демилгеси менен "Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин эксперттеринин катышуусунда президентке караштуу сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, президент Садыр Жапаров тарабынан судьялардын 12-курултайында коюлган тапшырмаларын аткаруу максатында түзүлгөн иш тобунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууланды.

Кеңешмеге Конституциялык соттун, Жогорку Соттун, Судьялар кеңешинин, Жогорку Сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин, "Адилет Сот" мамлекеттик мекемесинин жетекчилери, президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жана "Кыргыз судьяларынын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин, USAIDдин "Укук булагы" долбоорунун жана "Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясынын" эксперттери катышты.

Катышуучулар сот отурумдарынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн соттордо соттук отурумдарды аудио-видео жазуу системасын (АВФ) мындан ары ишке киргизүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты; судьялардын ишинин сапатына профессионалдык баа берүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле судьялардын ишмердигине баа берүү системасын киргизүүнү мыйзамдык деңгээлде караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карашты.

Судьялардын ишинин сапатына кесипкөй баа берүү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын, судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле алардын кызматтан жогорулоосу үчүн адилеттүү шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.

Долбоорлордо каралгандай, судьялардын ишинин сапатына кесипкөй баа берүү ар бир үч жылда бардык судьялар үчүн жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча гана квалификациялык класстар ыйгарылат, соттордун жетекчилери дайындалат, соттордун өз алдынча башкаруу органдарына көрсөтүлөт, ошондой эле судьялар төмөн баа алган учурларда алар окууга жиберилет.

Эксперттердин айтымында, судьялардын ишинин сапатын профессионалдык баалоо боюнча бул системаны баалоодо субъективдүүлүктү азайтуу үчүн мүмкүн болушунча автоматташтырылат жана сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонууга дем берүүгө багытталган.

Жыйында көтөрүлгөн маселелер "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасында каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: