super.kg logo

Кыргызстандын жана Өзбекстандын акыйкатчылары жолукту

 

Кыргызстандын жана Өзбекстандын акыйкатчылары жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жолугушууда акыйкатчылар өз ара тажырыйба алмашууну сүйлөшүшкөн.

“Ташкент шаарына бир күндүк иш сапар менен барып, көп иш бүтүргөнгө жетиштик.

1) Өзбекстан Республикасынын акыйкатчысы Феруза Эшматова айым менен жакын тааныштык;

2) “Эркинен ажыратууга альтернативдик чараларды колдонуу” аталышындагы регионалдык конференцияга катыштык;

3) Феруза Эшматова айым менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, маселелер боюнча биргелешип иштөөнү сүйлөштүк:

- эне-баланын укугун коргоодо тажрыйба алмашуу;

- мигранттардын жарандык, саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын илгерилетүү;

- адам укуктарына мониторинг жүргүзүүнүн механизмдерин жакшыртуу;

- Борбор Азия регионунун Омбудсмендеринин кызматташтыгын бекемдөө.

Баса айта кетчү нерсе, бул менин биринчи расмий иш сапарым, Өзбекстан Республикасынын акыйкатчысы Эшматова айым атайын чакырып, өзгөчө жылуу тосуп алганына терең ыраазычылык”, - деп жазган Абдрахматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: