super.kg logo

Айыл чарба министрлиги арзан насыя канча дыйканга берилгенин кабарлады

 

Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилгенин кабарлады. Аталган статистика министрликтин расмий сайтына жайгаштырылды.

Ага ылайык, 25-мартка карата "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилип, ал жеңилдетилген 6 пайыз менен 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөн.

Анын ичинен дыйканчылык категориясы боюнча 337 миллион сом насыя 801 адамга берилген.

Мал чарбачылык боюнча 1 881 кишиге 971,5 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми эң аз сумма айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына бөлүнүп, бул багытта 25 ишкерге 42 миллион сом насыя берилген.

Буга чейин "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна жалпысынан 26 миллиард сом бөлүнгөнү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: