super.kg logo
  Спорт  

“Navruz Cup 2022”: "Эң көп беттешкен атаандаш". Тажикстан курамасы тууралуу эмне белгилүү?

 

Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешинин алкагында Тажикстан курама командасына каршы беттешет. Мындан улам атаандаш тууралуу карап көрдүк.

Ак шумкарлар эң көп беттешкен атаандаштардын бири Тажикстан курама командасы болуп эсептелинет. Командалар өз тарыхында 14 жолу беттешкен.

Командалар биринчи жолу 1993-жылы Тегеранда өткөн ЭКО Кубогунун мелдешинде кез келишкен. Беттеш 1:1 эсебинде тең чыгып, биздин командадан голду Канатбек Ишенбаев киргизген. Эң кызыгы, бул командалардын акыркы беттеши дагы 2019-жылдагы тандоо турунун беттешинде дал ушундай эсеп менен аяктаган.

Ак шумкарлар Тажикстанды үч жолу жеңсе, сегиз жолу жеңилген. 2006-жылы Азиянын чакырык Кубогунда, 2013-жылы Азиянын чакырык Кубогуна тандоо турунда жана 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун беттешинде жеңишке жеткен. Бардык жеңиштер 1:0 эсебинде катталган.


Тажикстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 115-орунда турат. Командага жакында эле хорватиялык адис Пётр Сегрт башкы машыктыруучу болуп дайындалды. "Navruz Cup 2022" жарым финалдык беттешинде Тажикстан пенальтилер сериясында Угандага утулуп 4:5 эсебинде утулуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: