Бишкекте дүкөндөрдүн биринде өспүрүм кызды карактоого шектүү 10 күнгө камакка алынды

Маалым болгондой, 2021-жылы 3-ноябрда шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда 2-ноябрда саат 21:00 чамасында Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнгө белгисиз адам кирип, жашы жете элек кызына физикалык күч колдонуу менен 5 миң сомун алып, изин жашырып кеткени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене (каракчылык) менен каттоого алынган.
"Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинген 1996-жылы туулган С.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнү СИЗО-1ге 10 күнгө камоо чечими чыкты. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө", - дешти малымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.