Кылмышты моюнуна алдыруу үчүн кармалган адамды сабаган деген шек менен Ош ОИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура Ош облустук ички иштер башкармалыгынын
кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кыйноо, акча
талап кылуу, паракорчулук жана өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү боюнча кылмыш ишин
козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык,
18-ноябрда Башкы прокуратурага Тешебаевдер арыз менен кайрылышкан. Арыз ээлери Ош ОИИБинин кызматкерлери Көк-Жаңгак шаарынан М.Тешебаевди бейбаштык кылган деген шек менен мыйзамсыз кармаганын жана кылмышты моюнуна алдыруу үчүн аны сабашкандыгын айтышкан. Ошондой эле жоопко тартпоо үчүн М.Тешебаевден 5 миң доллар өлчөмүндө акча алышканын ачыкка чыгарышкан.
Алган
жаракаттарынан улам кармалган бала кыйноолорго чыдабай өзүн-өзү өлтүрүүгө
аракет кылган.
Аталган факты Ош облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмү
тарабынан иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

