super.kg logo
  Спорт  

Фредди Роуч: “Мейвезер-Пакьяо беттеши орун алышы керек...”

 
Пакьяо жана Мэйвезер

Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяонун кезектеги жеңишине жетип, рингге кайтып келгенинен соң машыктыруучусу Фредди Роуч америкалык Флойд Мейвезерге каршы беттеш уюштуруу керектигин билдирди. Бул тууралуу Эл аралык бокс уюмунун расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Роучтун 8 салмак категориясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, 34 жаштагы Мэнни Пакьяо менен рейтингдин алдынкы сабында турган 36 жаштагы Флойд Мейвезердин беттешинин орун аларынан ишеними чоң.

Имиштерге караганда, Мейвезер кийинки беттешин 3-майда британиялык Амир Ханга каршы өткөрөт.

“Мейвезер чоң келишим менен иштеп жатат. Келишимдин аягына чейин ал 4 беттеш өткөрөт. Албетте, бул келишим анын Мэнни Пакьяого каршы беттешисиз бүтпөйт. Амир Хан жөнүндө айтып жатышат. Бирок Мейвезерге жана ал иштеп жаткан келишимдин ээлерине чоң суммадагы акча керек. Бул үчүн аларга Пакьяодон башка эч ким керек эмес”, - дейт Фредди Роуч. “Спорттогу кызык үчүн бул беттеш азыр орун алышы керек”,- деп кошумчалайт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: