super.kg logo

Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү “Бак Отургуз!” акциясы ишке ашты

 

№68 мектеп-гимназиясынын аймагында жаңы бактар пайда болду – өткөн ишемби күнү О! Мобилдик оператору жыл сайын өткөрүлүүчү “Бак Отургуз!” акциясын ишке ашырды. Иш-чара жалпы шаардык ишембиликтердин алкагында өттү: компания шаардын мектептерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө үзгүлтүксүз жардам берип келет.

Компаниянын кызматкерлери мугалимдердин жамааты менен болочок гүлбакчага тик өскөн туяларды отургузушту. Мектептин жамааты көрсөткөн жардамдары жана бул ишти уюштургандыктары үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен иш-чарадан абдан канааттангандыгын билдиришти.

Мектептин директору Канымжан Өмүрова: "Биз бул жерге окуучуларыбыз жана шаардыктар үчүн эс алууга жайлуу бурч даярдоону пландаштырып жатабыз. Биздин бул демилгеге О! Мобилдик оператору жардам берип жатат. Чогулгандардын баарына ыракмат! Бүгүн биз абдан жакшы иш жасадык жана балдарыбызга мыкты үлгү көрсөттүк".

"Бул О! Мобилдик оператору шаарга тартуулаган жашыл бактар өсүп жаткан төртүнчү мектеп болуп саналат", – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко. – Шаарыбыздын «өпкөлөрүн» калыбына келтирүүгө салым кошуп жаткандыгыбыз жана өзүбүздөн кийин жакшы сөздөрдү калтыргандыгыбыз үчүн кубанып жатабыз".

Шилтеме боюнча видео отчётту көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: