super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Кыдыров Ооганстандагы террочуларды бул өлкө менен чектешкен мамлекеттерге киргизбөөгө чакырды

 
Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын дайымкы өкүлү Таалайбек Кыдыров Ооганстандагы террочуларды Ооганстан менен чектешкен мамлекеттерге киргизбөөгө чакырды. Мындай кайрылууну Таалайбек Кыдыров 21-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 68-жыйынында билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Ооганстандагы чет мамлекеттик аскерлерди чыгаруу” деген теманын алкагында сөз сүйлөгөн Таалайбек Кыдыров: “Ооганстандагы коопсуздукту сактоо жоопкерчилигин тапшыруу акырындан жана тартип менен ишке ашып, мамлекеттеги жалпы туруктуулукту сактай билүү менен катар террордук топтордун кошуна мамлекеттерге кирип кетүүсүнө жол бербөө зарыл”,- деди.
Ошондой эле ал Кыргызстан Ооган жеринде тынчтык сакталышына жана ооган элинин өркүндөп өнүгүүсүнө тилектеш экенин айтып, “Кыргызстан 2012-2013-жылдары, Шанхай Кызматташтык Уюму менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна төрагалык кылып турган кезде, Ооганстан менен Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу кызматташууларды өркүндөтүүгө көп көңүл бурулганын кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: