"Борбор Азиянын үстүнөн". Гонконг авиакомпаниясы дүйнөдөгү эң узак каттамды ишке ашырат
Гонконгдун "Cathay Pacific" авиакомпаниясы Орусиянын аба мейкиндигин айланып өтүп, Нью-Йорктон Гонконгго дүйнөдөгү эң узак тынымсыз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каттам Украинадагы кырдаалга байланыштуу өзгөртүлгөн. Эгерде буга чейин Нью-Йорктон Гонконгго каттам Арктика менен Орусиянын асманы аркылуу учуп өтсө, эми учак Атлантика океаны, Улуу Британия, Түштүк Европа жана Борбор Азия аркылуу учат.
Учуу 16, 17 саатка созулат жана аралык 16 миң чакырымдан ашык. Бул маршрут дүйнөдөгү эң узун аба жолу болот. Ташуу 550гө чейин жүргүнчүнү батыра ала турган Airbus SE A350-1000 аба кемелери менен жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.