super.kg logo
  Спорт  

"Пенальти болгон эмес". Тажикстандын күйөрмандары Кыргызстан менен болгон оюнга кандай реакция жасашты?

 

Кечээ, 29-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстанда өткөн "Navruz Cup 2022" эл аралык мелдешинин коло байгеси үчүн Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Бул оюн чындыгында Кыргыз курамасынын үстөмдүгү астында өттү. Беттештин башкы каарманы өзбекстандык калыс болду. Ал оюнда жалпы 14 айып кагазын көрсөттү (анын төртөө кызыл). Мындан тышкары калыс Тажикстанга голду белек кылды десек дагы болот.

Мындан улам социалдык тармактарда беттеш тууралуу өз оюн жазып жаткан Тажикстандын күйөрмандарынын билдирүүлөрүн карап көрдүк.

1. "Кыргыздар жок дегенде гол киргизүүгө татыктуу оюн көргөзүштү (анын астына "жок дегенде 4 гол" деген билдирүү калтырды)";

2. "Бизге пенальти бергенине рахмат. Бирок пенальти болгон эмес";

3. "Башка калыс болгондо пенальти коймок эмес";

4. "Кыргыздардын жакшы командасы бар экен, бирок биздикилер азамат";

5. "Бул оюнда Кыргыз курамасы чындыгында мыкты оюн көргөздү";

6. "Бул оюн эмес, мындай уяттуу жеңишке ээ болгуча утулган жакшы болчу";

7. "Тажикстанга мындай футболдун кереги жок, уят";

8. "Бишкектеги 90 мүнөт өтө узак", - деген пикирлерин жазышууда тажик күйөрмандары.

Эске салсак, 2022-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу раунду ушул жылдын июнь айында Бишкекте өтөт. Анда Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен бир тайпада беттешебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: